Бүгүн ЭББПКнын студенттери менен жаш өспүрүмдөр инспекторлору арасында жолугушуу болуп өттү.

2023-09-07 12:06:08 93

Бүгүн ЭББПКнын студенттери менен Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы Ак-буура милиция бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр инспекторлору милициянын капитаны Ажыматова Н милициянын ага лейтенанты Эркебаев Д милициянын майору Ыдырысов Р. Менен жолугушуу болуп өттү.Жолугушууда тоноо, уурулук, топтошуп мушташуу,шаардагы жүрүм-турум эрежелери, ар кандай химикаттык заттарды электрондук заттарды колдонбоо, эрте турмуш куруу, рекетчилик сыяктуу терс көрүнүштөрдөн алыс болу керектиги эскертилди. Жаңыдан колледждерге тапшырган студенттерге татыктуу билим алуу жана спорт менен алектенүүгө көңүл буруулары айтылды.