БИРИНЧИ СЕНТЯБРЬ – БИЛИМ КҮНҮ!

2023-09-02 07:20:32 153

БИРИНЧИ СЕНТЯБРЬ – БИЛИМ КҮНҮ! Эл аралык билим берүү программалары колледжинин директору К.А.Рамашов 1-сентябрь билим күнү менен жалпы студенттерди куттуктады: Кымбаттуу студенттер! Урматтуу ата-энелер, кесиптештер жана майрамдын коноктору!Мен чын жүрөктөн баарыңыздарды 1-сентябрь билим күнү майрамыңыздар менен куттуктайм!Бул жаңы окуу жылынын башталышы, жаңы бийиктиктерди багындыруу үчүн күрөштүн башталышы! Биринчи сентябрь – Билим күнү! Билим дүйнөсүнө кош келиңиздер! Билимдердин жана ачылыштардын бул укмуштуу дүйнөсү менен тайманбай таанышыңыздар! Бүгүн кесиптештерге ыраазычылыктын жылуу сөздөрүн айткым келет. Силер студенттерге илимдерди таанууга жардам бересиңер, жаңы түшүнүктөрдү ачасыңар, түшүнүксүз нерселерди түшүндүрөсүңөр. Силер принципиалдуулуктун жана сезимталдуулуктун үлгүсүсүңөр, силердин талантыңар, чыдамдуулугуңар, жоопкерчилигиңер – ийгиликтүү окутуунун шарттары! Сиздердин алдыңыздарда жаңы пландар, жаңы ийгиликтер жана жетишкендиктер болсун! Ден-соолук сиздерге! баарыңыздарга ийгиликтерди каалайм!