29-май Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнө 31 жыл болуп,иш-чарага ЭББПКнын окутуучулары жана студенттери катышып келишти

2023-06-02 05:11:38 147

Бүгүн 29-май Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 31 мааракеси Ош шаарда С.Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында өткөрүлдү.Иш-чарага ЭББПКнын АЧД окутуучулары, подполковник Б.Ж. Султанов жана подполковник Ж.Д. Самидинов 6 тайпанын студенттери барып иш чарага катышышты . Аскерлерди куттуктоо учун Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусу боюнча окулу Жантаев Элчибек Нуржабыевич, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Исаев Марс Асанович жана 01003 аскер бөлүгүнүн командири генерал-майор Мукамбетов Руслан Мустафаевич жана башка жетекчилер катышып, салтанатта Куралдуу Күчтөрүнүн тарыхы жөнүндө документалдуу тасма көрсөтүлдү. Майрамдык салтанатта аскерлер учун сыйлыктар тапшырылып, Ош гарнизондук офицерлер уйунун чыгармачыл жамаатынын концерттик программасы менен коштолду