Эл аралык билим берүү программалары колледжинде "Китеп - менин жан-дүйнөм, китепканачылар - күжүрмөндөр" деген темада иш-чара болуп өттү.

2023-05-30 08:05:50 121

27-Май - Китепкана күнү, бирок, биздин китепканачылар өздөрүнүн маданий иш-чарасы болгондугуна байланыштуу, биз кечээ 29.05. "Китеп - менин жан-дүйнөм, китепканачылар - күжүрмөндөр" деген темада Эл аралык билим берүү программалары колледжинде ОшМУнун колледждеринин китепканачылары катышкан чоң иш-чара өткөрдүк. Иш-чаранын максаты: китеп📕📘📔📙 менен жакын болуу, китепканачылардын эмгегин баалоо, жакындан таанышуу. Бул иш-чара сынак түрүндө болуп, окутуучулардан жана студенттерден курама топ түзүлдү. Алар программага ылайык, колледждердин китепканасы, анда иштеген китепканачы эжекелер тууралуу маалымат (видеослайд), көркөм окуу, ролдоштуруп актёрдук чеберчилигин көрсөтүү жана китепканачылар менен бирге обон созуу деген тапшырмаларды аткарышты. Катышуучулар бардык тапшырманы жигердүү аткарып, көрүүчүлөрдүн, калыстардын купулуна толушту. Айта кетчү нерсе, берилген тапшырмалар менен алар тааныш эмес болгон. Кечени ЭАББП колледжинин директору К.Рамашов ачып берип, китепкана- студенттин пайдубалын бекемдөөчү жер экенин, ал эми китепканычылардын эмгеги айтып бүткүс мээнет, бул жерде өз кесибин сүйгөн гана адистер иштерин баса белгилеп, аларга ден соолук жана ийгилик каалады. Кеченин 4-тапшырмасында Stem инновациялык колледжин тейлеген Джуманова Улпатхан, ЭАББПКны тейлеген Жаркын Мамбетова, ИПКнын китепканачысы Кайырма Кудайбердиева, ФЮКтан Адинаева Шаарбан эжекелер студенттер менен бирге аткарып, кол чабууларга, алкоолорго ээ болушту. Кечени колледждин директору К.Рамашов жыйынтыктап, Дипломдор, ыраазычылык каттар менен сыйлады. Бул кечеге ОшМУнун борбордук китепканасынын директорунун орун басары, электрондук ресурстар бөлүмүнүн жетекчиси #Орозбаев_Азамат агай катышып, иш-чараны эң мыкты деп баалап, ийгилик каалады.