Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Гуманитардык факультетинде “Кесибим – келечегим” аталышында ачык эшик өткөрүлдү.

2023-05-22 03:45:00 83

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Гуманитардык факультетинде “Кесибим – келечегим” аталышында ачык эшик өткөрүлдү.Ачык эшике Эл аралык билим берүү программалары колледжинин студенттери жана директордун окуу иштери боюнча орун басары Нишанов Чубак Байышович катышып келишти.Жана ошондой эле иш-чарага саамалык бакалавр даражасына кесиптик багытта адистешүүнү тереңдетүүгө багытталып, ага окуучулар жана колледждин чет тили жана социалдык иштер адистигинин бүтүрүүчүлөрү катышты. Иш чараны университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков ачып берип, заман талабына жараша жуурулушуп, кесип тандоодо жаңылбоого чакырып өттү. Андан соң факультет тууралуу маалымат камтылган видеоролик коюлуп, концерттик программа жана интеллектуалдык оюн менен коштолду. Ошондой эле 10 студентке быйылкы окуу жылында гуманитардык факультетине тапшырууга сертификаттар тапшырылды. Натыйжада сертификатка ээ болгон абитуриенттер автоматтык түрдө окууга кабыл алынат. Аны улай катышуучулар университеттин билим берүү, маданий, спорт тармактары жөнүндө кеңири маалымат алышып, факультеттин артыкчылыктары, материалдык техникалык базасы менен жакындан таанышып чыгышты. Белгилей кетсек, аталган иш чара жаштардын билим деңгээлиинин өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү жана кесип тандоого багыт берүү максатында Гуманитардык факультети тарабынан уюштурулган.