Кыргыз тили жана адабияты, манастаануу ПЦКсында "Мыкты ОМК", "Устат-шакирт" сынагы өттү.

2023-04-13 02:39:56 220

Кыргыз тили жана адабияты, манастаануу ПЦКсында "Мыкты ОМК", "Устат-шакирт" сынагы өттү. Сынакка жаш окутуучуларды тажрыйбалуу окутуучулар үч ай аралыгында даярдап чыгышкан. Калыстар тобуна Сапат департаментинен адистер жана колледждин окутуучулары кирди. Бир нече баскычтан турган иш-чарада ОМК түзүү, кырдаалдык тапшырмалар каралды. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.Сыноодо негизинен 3 тапшырма берилип, сынакка катышкан окутуучулар өздөрүнүн билимин презентация, суроолорго жооп берүү, тапшырмаларга ылайык баалоонун критерийин түзүштү. Албетте, сыноодо атаандаштар болгон күч-аракетин, билимин, тажрыйбасын көрсөтүштү. Жыйынтыгында, баш байгеге эң татыктуусу тандалды. Окутуучулар ОшМУнун Дипломдору жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. Жалпы сыйлык фонду - 13500 сомду түздү. Ал эми калыстар тобунун төрайымы Махабат Былыкова, Гульгена Рахимбаева , Замира Апышова , Гулнара Толубаева эжекелер калыс баалап, бүгүнкү иш-чара жогорку деңгээлде өткөндүгүн белгилешти.