Мекенди коргоо – ыйык милдет

2023-02-14 17:49:04 174

Мекенди коргоо-ыйык милдет: демек биз мекенибизди сүйүп көздүн карегиндей сактоону билишибиз зарыл.Эл аралык билим берүү программалары колледжинин студенттери мекенге болгон көз караштарын :ырлар, ар кандай көргөзмөлөр жана да кыскача метраждуу видео роликтер менен жеткире алышты. Ата журт – бул ата-эне, үй бүлө, анан да ачык асман. Демек Ата-Журттун коргоочусу болуу – ардактуу жана жооптуу. Ошондуктан жоокерлер ар бирибиз үчүн өтө ыйык болгон ар-намыс, антка бек туруу Негизги биздин милдет: Мекенди сүйө билүү деген түшүнүктөрдү муундан-муунга өткөрүп берүү болуп саналат.Ошол себептен ар бир жаран үчүн Ата-Журттун кызыкчылыгын коргоодон өткөн ыйык жана акыйкат милдет жок деп түшүнсөк болот.