ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙГА ТАПШЫРАЙЫН ДЕП, БИРОК ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТКЕ КАТТООДОН ӨТҮҮДӨН КЕЧИГИП КАЛДЫНБЫ? КАТООДОН ӨТҮП, ТЕСТКЕ КАТЫШУУГА ДАГЫ БИР МҮМКҮНЧҮЛҮК БАР!

2022-05-13 11:36:12 121

Колледждин 11-БАЗА 2-КУРСТАРЫ жана 9-БАЗА 3- КУРСТАРЫ, Жалпы республикалык тестке кошумча каттоо ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙГА ТАПШЫРАЙЫН ДЕП, БИРОК ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТКЕ КАТТООДОН ӨТҮҮДӨН КЕЧИГИП КАЛДЫНБЫ? КАТООДОН ӨТҮП, ТЕСТКЕ КАТЫШУУГА ДАГЫ БИР МҮМКҮНЧҮЛҮК БАР! КАТТОО КАЧАН БОЛОТ? 2022-жылдын 23-майында Жалпы республикалык тестке каттоо Ош шаарында болуп өтөт. 👉 КАТООДОН КАЯКТАН ӨТСӨ БОЛОТ? Каттоо тест борборлорунда (ЖРТ боло турган №4 Киров, №20 И. Раззаков, №42 Керме-Тоо, №52 Кыргыз-Түрк достугу мектептеринде) тесттин администраторлору өткөрүшөт. 👉 Ар бир тест борборунда (№4 Киров, №20 И. Раззаков, №42 Керме-Тоо, №52 Кыргыз-Түрк достугу мектептеринде) каттоо 13.00дон 17.00 го чейин жүргүзүлөт. 👉 КАТТОО АКЫСЫ КАНЧА ТУРАТ? Каттоо акысы – негизги тест үчүн 370 сом, жана ар бир предметтик тест үчүн - 370 сомду түзөт. Төлөмдөрү РСК банкына төгүш керек. 👉 ТЕСТКЕ КАТТАЛЫШ ҮЧҮН КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР КЕРЕК? Катталып жаткан учурда абитуриенттердин колунда төмөнкүлөр болушу керек: 👉1) Каттоо төлөмдөрү төгүлгөндүгүн тастыктаган РСК банктын квитанциясы 👉2) Паспорт, же аскер кызматындагыларга аскердик күбөлүк; Инсанды күбөлөндүргөн документтери жок тестке кирүү МҮМКҮН ЭМЕС! 👉3) 1 жылдан ашпаган мөөнөт ичинде тартылган, 3х4 см өлчөмүндөгү эки бирдей сүрөт; 👉4) мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн орто билим жөнүндө аттестаттын түп нускасы (оригинал) же орто кесиптик билимди тастыктаган дипломдун түп нускасы; 👉5) 2022-жылдын бүтүрүүчүлөрү мектептен алынып, директордун колу жана мектептин мөөрү басылган маалымкатты (справка) тапшырыш керек. Маалымкатта абитуриенттин сүрөтү чапталып, сүрөттө маалымкатты берген окуу жайды мөөрү басышлышы милдеттүү түрдө талап кылынат. 👉Жогоруда саналган документтердин бири гана жок болгон учурда каттоо жүргүзүлбөйт! 👉Кошумча каттоо учурунда катталган абитуриенттер тесттин жыйынтыктары берилген СЕРТИФИКАТТЫ Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан АЛЫШАТ. Толук маалымат алуу учун Турдубекова Эльвира эжекеге кайрылсаныздар болот. Байланыш номери: +996 772 991 837