“Негизги кесиптик билим берүү программасы (НББП) жана студенттерди адистике калыптандырууда окуу жай менен өндүрүштүн ролун талкуулоо”

2022-04-29 09:49:15 120

2022-жылдын 26-апрелинде ОшМУнун ЭАББПКнин “ Котормо иши” бөлүмү уюштурган “Негизги кесиптик билим берүү программасы (НББП) жана студенттерди адистике калыптандырууда окуу жай менен өндүрүштүн ролун талкуулоо” -деген темада тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго ЭАББПКнин директору, доцент Зулпукарова Аида Капаровна,ЭАББПКнин окуу иштери боюнча директордун орун басары Касымова Жыпаргүл Акбаралиевна ОшМунун Орто кесиптик билим берүү жана кесипке багыттоо иштери боюнча проректору, доцент Эркебаев Тажимамат Кудайбердиевич, ОшМУнун өндүрүштүк практика бөлүмүнүн башчысы, доцент Матикеев Талант Курманалиевич, ОшМУнун акредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментинин улук инспектору Жороева Айгүл Митаевна жана иш берүүчүлөр: “Жалпыга билим” коомдук борборунун жетекчиси, доцент Исмаилова Бүмайрам Исмаиловна Дүйнөлүк тилдер жана маданияты факультетинин “Америка таануу жана котормо” кафедрасынын практика жетекчиси Ибраимова Сатина Чыныбековна“Sho” окуу борборунун жетекчиси Мамытов Рыскелди Базарбаевич “Words Master” котормо уюмунун жетекчиси Розиев Эркин Сатвалдиевич “Чыгыш таануу” кафедрасынын бөлүм башчысы, доцент Бөтөнөев Жолдош Советбекович, “Азия -Старт” окуу борборунун жетекчиси Умаров Муртазо Ботирович, “Билим Нуру” окуу борборунун жетекчиси Пазылова Күмүшай Сайдиллаевна, “К-land” окуу борборунун жетекчиси Манишов Алтынбек Жанышбекович, Чанг-Ву” корей окуу борборунун жетекчиси Матмусаева Акмарал Абдразаковна Аттокурова Элиза Мамасадыковна ПДС-9-3-20 тайпасынын ата-энелер комитетинен өкүлү,Мухидинов Шерзод Хабибуллаевич “ОшТВ” телеканалынын өкүлү катышышты. Негизги кесиптик билим берүү программасы жана окуу программасы боюнча окуу иштер боюнча директордун орун басары Касымова Жыпаргүл Акбаралиевна жана “ Котормо иши” бөлүмүнүн окутуучусу Таирова Айсулуу Шукуралиевна презентация аркылуу тааныштырып беришти. Презентациянын аягында бир нече суроолор берилип, окуу пландарына талкуу жургузулду.Катышуучулар жана иш берүүчүлөр тарабынан окуу пландарга өзгөртүүлөрдун киргизилиши, практикалык сабактардын кобойтулушу боюнча ой-пикирлер,сунуштар айтылды.