ЭАББП колледжинде Китеп күнүнө арналган жумалык салтанат менен жыйынтыкталды

2022-04-23 14:53:37 129

22-апрель күнү Эл аралык билим берүү программалары колледжинде 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк Китеп күнү жана автордук укук күнүнө карата “Китеп – жана дүйнөнүн азыгы” аттуу салтанатуу кече болуп өттү. Кече китеп күнүнүн урматына уюштурулган жумалыктын жыйынтыгы болуп эсептелет. Жумалык атайын ЖОБОнун негизинде өтүп, анда “Бир адамдан бир китеп” акциясы, дубал гезиттердин сынагы, көркөм окуу сынагы жана шар окуу сыяктуу этаптарды камтыды.Колледждин студенттери бул иш-чарага активдүү катышып, 400гө жакын илимий-популярдуу, көркөм адабий китептерди топтошту. Ошондой эле, сабакка колдонулуучу материалдарды китепче түрүндө жасашып, китепкана фондуна тапшырышты. Ал эми кече сынак түрүндө өтүп, финалга өткөн студенттер көркөм окуу жана шар окуу боюнча жарышты. Калыстар тобуна Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Нуржамал Калмаматова төрайым болуп, студенттердин чеберчилигин баалады. “Иш-чараны өткөрүүгө багытталаган шарттады бардык кураторлор жана студенттер чын ыкласынан аткарды. Ошондуктан да, 400 китеп чогулду. Ал эми акын Нуржамал Каламаматова студенттерге жана окутуучуларга 5000 сомдук ар түрдүү мазмундагы көркөм китептерди белекке берди. Негизи студенттерибиз – биздин казынабыз. Эми топтогон китептерди окутуу жолун гана ойлонуубуз зарыл”, - дейт ишти уюштуруучу кыргыз тили жана адабияты, манас таанууу предметтик циклынын төрайымы Бактыгүл Байтикова. Кечеге ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору, доцент Жылдыз Артыкова катышып, колледждин жамаатына жана студенттерге ыраазычылык билдирди. Бул иш-чараны өткөрүүдө колледждин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Көкчаев Канат жана жаштар комитети Тешебаева Гулиза жигердүү катышышып, уюштуруу ишин жогорку деңгээлге алып чыгышты. Ал эми окуу жайдын китепканачысы Маметова Жаркынай китептерди кабыл алып, каттоодон өткөрүп, бул саамалыкты өткөрүүдө эбегейсиз салым кошту.