Негизги кесиптик билим берүү программасын талкулоо боюнча уштурулган тегерек стол

2022-02-16 11:08:09 116

12.02.2022 күнү Эл аралык билим беруу программалары колледжинин Орто кесиптик билим берүү “Котормо иши (кытай тили)” адистиги тегерек стол өткөрдү. Иш чарабыздын максаты - негизги кесиптик билим берүү программасынын максаттары менен таанышып, окутууунун натыйжаларын талкуулоо болду. Окуу жайдын ийгилиги - бул өнөктөштөштөр жана жумуш берүүчүлөр менен биргеликте иш алып баруу жана алардын кызыкчылыгын эске алуу менен бирге эмгек рыногунун талаптарына жооп берүү. Окутуунун натыйжасына баа берүүнүн негизинде өнөктөштөрдүн талаптары жатат. “ Котормо иши (кытай тили)” программасы боюнча адистерди даярдоодо өнөктөштөрдүн ролу чоң. Өнөктөштөр менен түздөн-түз байланышта болуу учурдун жумуш рыногунун талаптарына жооп берет жана адистердин практика мезгилинде өндүрүшкө адаптация болушуна ыңгайлуу шарттарды түзөт. Иш чарага бир нече кытай компаниялары жана 东方美食 (dong fang mei shi) рестораны, SANY техника компаниясы, ОсОО «Шахта-Алмалык» көмүр кени компаниясы, Билим академиясы окуу борбору, Вавилон окуу борбору, Лидер НК окуу борбору, PERSPRCTIVE окуу борбору, CICA институту, “ Шанхай Сити ” гостиница комплекси, “ Шанхай ” кафеси, “ Пекин ” гостиницасы, Ош мамлекеттик педагогикалык университети, Ош технологиялык университети,Чыгыш тануу факультети өздөрүнүн сын пикирлерин жана сунуштарын айтышты.