Академиялык мобилдүүлүк

2022-02-02 14:24:11 113

ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары колледжинин окутуучулары Рахимбаева Г.А., Жумабаева А.Т., Бекназаров С., Нишанов Ч.Б., Таир кызы Г. болгон топ Жалал Абад мамлекеттик университетине, Эл аралык университетине барып «Чет тили» жана «Котормо иши » адистиги боюнча кызматташууга макулдашып келишти. Жоолугушуу учурунда бир топ алдыдагы пландар, окуу пландар боюнча сөз болду жана эки тарап кызматташууга макулдашышты. Университеттин жамааты эки окуу жайдын достугу арта берсин илим жолундагы кызматташтыгыбыз өркүндөп өсө берсин деген тилектерин айтып, атаган белектерин беришип, жылуу маанайда узатышты. Эскерте кетсек, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашырууну жана камсыздоону, башка окуу жайлардын студенттери менен иштөө, алардын көйгөйүн чечүү маселелерин ОшМУнун эл аралык байланыштар жана инвестициялар департаменти көзөмөлдөп, аларды мамлекеттик окуу жайларга академиялык мобилдүүлүк боюнча кыска мөөнөткө, бир айга, жарым жылдык, бир жылдык окуу мөнөөтөрүнө жиберип турат.