Чет тили бөлүмүндө кесиптик-базалык практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы уюштурулду

2022-01-20 12:32:01 125

Чет тили бөлүмүндө кесиптик-базалык практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы уюштурулду. Ошондой эле "Практиканын өтүлүшү боюнча презентация", "Корсотмо куралдарынын" конкурсу болуп өттү. Конференцияга Ош шаарындагы №18 А.Навои атындагы мектеп-лицейинин директору Акматов Жоомарт, №52 Кыргыз-Түрк достугу атындагы мектеп-лицейинин окуу бөлүмүнүн башчысы Ормошова Гулбарчын, №38 Барпы атындагы мектеп-гимназиясынын Англис тили мугалими Сулаймонова Клара,№22 С.Шарипов атындагы мектеп-гимназиясынын башталгыч класстарынын окуу бөлүмүнүн башчысы Мадаминова Рано катышышты жана тегерек стол уюштурулду. Ал жерде окутуунун натыйжалары, калыптандырылуучу компетенциялар, чет тили адистигинин максаттары талкууланып, анкета жүргүзүлдү.