Абдыкадырова Уулкан Индустриалдык- педагогикалык колледжинин КМТШИ 9-1-21 тайпасына ачык сабак өтүп берди

2021-12-25 13:29:53 115

Коомдук дисциплиналар бөлүмүнүн англис тили циклынын окутуучусу Абдыкадырова Уулкан Индустриалдык- педагогикалык колледжинин КМТШИ 9-1-21 тайпасына ачык сабак өтүп берди . Сабактын лексикалык темасы: “What a life” грамматикалык темасы: “Prepositions of time (at,in, on ) and place (at, in, to) . Окутуучу сабакты William Henry Davies дин “ Leisure” деген ырын көркөм окуу менен баштады. Ыр убакыттын тардыгы жөнүндөгү маанини билдирет, окутуучу ыр менен сабактын темасын байланыштырып , максатын, калыптануучу компетенцияларды тааныштырып өттү. Муну биз заманбап окуутунун талабы десек жаңылышпайбыз. Сабактын ар бир этабына кызыктуу тапшырмалардын даярдалганы , студенттердин бүт көңүлүн сабакка бурду. Студентер эки адамдын бир күндүк күн тартибин окуп таанышып болгон соң , иш күндөгү жумуштардын иретин кандай өзгөртсө болот деген сунуштарын беришти . Андан кийин Лондон университетинин профессору стресс экспертинин кеңештерин угушту . Эгерде бир күндү жакшы пландап уюштуруп алса эч кандай стресске кабылбоосун түшүнүштү. Сабак аягында талкуу уюштурулду.План иштелмедеги ар бир этап аткарылып , кеңири таркатма материялдар таркатылды. Окутуучунун студенттерге сылык мамиле жасаганы , студентер окутуучуну жарым сөз менен түшүнүшүп тапшырмаларды кызыгуу менен аткарып жатканын үстүндө окутуучун зор эмгеги жатат деп айтты кесиптештери . Окутуучуга сын пикирлер, сунуштар айтылды . Окутуучунун тынымсыз изденүүнүн үстүндө жүргөнү, көптөгөн чыгармачылык ийгиликтерди багындырат деген ишеничтебиз.