окуу методикалык комплексин түзүү боюнча жаш окутуучуларга семинар

2021-12-24 15:40:55 119

Коомдук дисциплиналар бөлүмүнүн англис тили циклынын ПЦК жектекчиси Амиракулова Батма окуу методикалык комплексин түзүү боюнча жаш окутуучуларга семинар өттү. Семинарга бөлүмдүн жаш окутуучулары жана бөлүмдүн башчысы Таштанова Жамийла катышты. Окуу методикалык комплекси эмнелерден турат деген суроого кеңири токтолуп, окутуучулар арасында түрдүү пикир алмашуу болду. Бөлүм башчысы Таштанова Жамийла эжеке окуу методикалык комплексти чыгармачылык менен иштеп чыгуу бүгүнкү күндүн талабы экенин баса белгилеп кетти. Амиракулова Батма эжекенин ОМКнын ар бир бөлүмүн майдалап түшүндүруп бергени жаш окуучулар үчүн өз кесибин сүйүп, шыктануу менен иштөөгө түрткү берди .