Базарбаева Эльмиранын “ The taxi journey”. “ Past simple” деген темада ачык сабак өттү.

2021-12-23 11:36:17 125

Эл аралык билим берүү программалар колледжинин “Коомдук дисциплиналар” бөлүмүнүн англис тили циклынын окутуучусу Базарбаева Эльмира Финансы – юридикалык колледжинин ЭБК-1-21 тайпасына лексикалык темасы: “ The taxi journey” грамматикалык темасы: “ Past simple” деген темада ачык сабак өттү. Сабактын негизги максаты этиштин өткөн чагы, туура жана туура эмес этиштерди туура колдонуга үйрөтүү. Текстти окуу аркылуу англис тилиндеги төрт жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү жана грамматиканы бышыктоо. Окутуучу койгон максатына жетүү үчүн жигердүү аракет жасаганын анын жазган иштелмесинен эле көрүнүп турат. Атап айтсак Бенжамен Блумдун таксаномиясынын окутуу максаттарын деңгээлдерине ыйлак суроолор даярдалган жана сабактын компетенциялары жазылган. Сабактын ар бир этабында максатты көздөгөн тапшырмалар берилди . Окутуучу жаңы теманы интерактивдүү слайттар менен тушундурду.Студенттердин өздөштүрүүсүн так аныктап алыш үчүн максаттуу тапшырмалар даярдалган. Сабак максаттына жетип, соңунда талкуу уюштурулуп сунуш пикирлер айтылды. Жаш окутуучунун жылдан жылга ийгиликтерди жаратуусу жалпы кесиптештерди кубандырды.