“Computer network” деген темада ачык сабак өттүлдү

2021-12-20 16:09:56 116

Эл аралык билим берүү программалары колледжинин коомдук дисциплиналар бөлүмүнүн англис тили циклынын окутуучусу Момунали кызы Дарыйка индустриалдык- педагогикалык колледжинин ПР9-1-20 тайпасына “Computer network” деген темада ачык сабак өттү. Окутуучу студенттердин адистигине байланыштуу тексти англис тилинде окутканы, аларда чоң кызыгуу жараты. Окутуучу сабакты жагымдуу маанай менен баштап, тексти сынчыл ой жүгүртүү методу менен окуп талдап, жаңы интерактивдүү методдор колдонулду . Жыйынтыгында сабакка катышкан окутуучулар, студенттер өздөрүнө пайдалуу маалыматтарды алышты.