Юйлинь университети менен ОшМУнун жетекчилеринин ортосунда өз ара кызматташуусу

2021-11-26 09:09:02 120

Юйлинь университети менен ОшМУнун жетекчилеринин ортосунда өз ара кызматташуу алакаларын орнотуу максатында эл аралык билим берүү программалары коллежинин демилгеси менен видеоконференция уюштурулду. Жыйынга Кытай тараптан эл аралык кызматташтык департаментинин директору проф. Чжао Сю Юань, педагогикалык мектептин деканы проф. Кан Сюн, профессору Риаз Ахмад ж.б. кызматкерлер, ал эми ОшМУдан эл аралык байланыштар департаментинин директору А.О. Абдувалиев, эл аралык билим берүү программалары коллежинин директору А.К. Зулпукарова, эл аралык рейтинг бөлүмүнүн башчысы Э.Т. Камалов, академиялык мобилдүүлүк бөлүмүнүн башчысы С.М. Амиралиев, аталган коллеждин коомдук дисциплиналар бөлүмүнүн башчысы Ж.А. Таштанова Жамила катышты. Күн тартибине ылайык тараптар, кызматташуунун төмөнкү багыттарын талкуулашты: - көп багыттуу кызматташтык келишимин түзүү; - академиялык мобилдүүлүк; - стипендиялык программаларга студенттерди катыштыруу; - кош дипломдуулук; - биргелешип макалаларды жарыялоо жана илимий жетекчилерди дайындоо; - конференция, семинар, конок лекцияларды жана жайкы мектептерди уюштуруу. Жолугушуунун жүрүшүндө директор Абдыганы Осмонович сөз сүйлөп, Юйлинь университети менен кызматташуу багытында мамилелерди орнотууга жана өнөктөштүктүн жаңы багыттарын өнүктүрүүгө кызыктар экендигин билдирди. Кесиптик окуу жайдын жетекчиси Аида Капаровна түзүзүлүп жаткан кызматташуу жемиштүү болуусуна ишене тургандыгын айтып, коллеждин окутуучулары менен студенттеринин ортосунда академиялык мобилдүүлүк уюштуруп, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу маанилүү экендигине токтолду. Бөлүм башчы Семетей Манасович модератор болуу менен ОшМУ, анын окуу процесси, билим берүү багыттары, материалдык базасы, эл аралык байланыштары ж.б. туурасында презентация жасады. Ошол эле учурда эл аралык кызматташтык департаментинин директорунун орун басары Ду Пэн Джу Юйлинь өнөр жай шаарын чагылдырган видеоролик көрсөтүп, университетти презентация аркылуу тааныштырды. Өнөктөштөрдүн кийинки жолугушуусунда эки окуу жайдын ректорлору меморандумга кол коюшат. Юйлинь университети 1958-жылы түзүлгөн, учурда 15 факультети бар. Мында лингвистика, менеджмент, искусство, юриспруденция. инженердик иш, агрономия ж.б.у.с. 45 багыт боюнча 911 окутуучу 13 619 студентке билим берет. Англиянын, Россиянын, Кореянын, Кытайдын ж.б. өлкөлөрдүн окуу жайлары менен “2+2”, “2+1+1” биргелешкен билим берүү программалары боюнча 17 жылдан бери иштешип келет.