Масленица майрамы
Орус тили циклынын окутуучусу Зиябидин кызы Айданектин жетекчилигинде студенттер үчүн «Масленица» майрамына арналган маданий иш-чара өткөрүлдү. Катышуучулар орус элинин каада-салттары жана маданияты менен таанышышты.
Кытай жаз майрамы
Эл аралык билим берүү программалары колледжинин кытай тили циклынын студенттери Кытай жаз майрамына арналган концерттик программа тартуулашты. Иш-чарага Конфуций институтунун өкүлдөрү жана кытайлык компаниялардын өкүлдөрү катышты. Студенттер улуттук бийлерди, ырларды жана маданий оюндарды көрсөтүштү.
ЭАББПК студенттери №36806 аскер бөлүгүндө
Эл аралык билим берүү программалары колледжинин студенттери Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата №36806 аскер бөлүгүндө өткөн ачык эшик күнүнө катышышты. Студенттер аскердик техника, курал-жарактар жана аскер кызматкерлеринин күнүмдүк жашоосу менен таанышышты.
ФОТОГАЛЕРЕЯ