ПРОГРАММЫ ПО МОБИЛЬНОСТИ

2023-жылдын 13-апрелинде ЭАББКде мугалимдер Рыскулова Нургүл жана Ахмедова Муслима 104 аудиторияда Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган “Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү” аттуу ачык сабак өткөрүштү. Сабак викторина форматында өттү. Сабакка англис тили мугалимдери жана 9-11-базанын окуучулары катышышты. Ошондой эле сабакка колледждин директору Рамашов Кумарбек Акматалиевич, «Котормо: англис тили» кафедрасынын башчысы Ахунжанова Жылдыз Икрамжановна жана башка окутуучулар катышты. Сабак абдан кызыктуу өттү. PPT форматындагы презентация кызыктуу дизайн менен мыкты деңгээлде даярдалып, мында оюндар, ырлар, кызыктуу маалыматтар, сүрөттөр ж.б.у.с. бекитилген. Сабактын жыйынтыгында жеңүүчү аныкталып, сертификат, 1-орунга китеп жана копилка, 2-орунга копилка жана бардык катышуучуларга кооз дептерлер тапшырылды. Сабак өз максатына ийгиликтүү жетти.
ЭАББП колледжинин "Котормо иши: англис тили" бөлүмү тарабынан 29.11.2022 күнү "Ата-энелер конференциясы" жогорку деңгээлде уюштурулду. Конференцияга бөлүмдөгү жалпы студенттердин ата-энелери келип, активдүү катышып кетишти. Жалпысынан 150дөн ашуун ата-эне келип, келген коноктордун баарынан сурамжулоо жүргүлүзду. Ал эми алыста же болбосо мүмкүнчүлүгү болбой, келе албаган айрым ата-энелер Zoom аркылуу онлайн түрдө катышышты. Иш чараны колледждин директору Рамашов Кумар Акматалиевич ачып берди. Андан кийинки сөз тарбия иштери боюнча директордун орун басары Давлятова Барчын эжекеге өзүнүн ой-пикирлерин айтып кетти. "Котормо иши: англис тили" бөлүмүнүн бөлүм башчысы Ахунжанова Жылдыз Икрамжановна ОшМУнун стратегилык планы жана миссиясы менен тааныштырып өттү. ЭАББПКнын кыздар кеңешинин төрайымы Кулушева Айбарчын Токтомаматовна ата-эне менен университеттин карым-катнашы , ошондой эле студенттердин жалпы жүрүм-туруму жөнүндө сөз сүйлөдү. Активдүү ата-энелер өз ой-пикирлери, сунуштары менен бөлүшүштү. Мыкты студенттердин ата-энелери "Ыраазычылык кат" менен сыйланышты. Колледждин талантту студенттери ата-энелерге өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүп беришти.Конференция соңунда чакан кофе брейк уюштуруп, ар бир группанын куратору келген ата-энелерге балдарынын жетишкендиктерин жана кемчиликтери жөнүндө маалымат берди.
29.09.23.2-курс (9 база) жана 1-курс (11база) студенттердин кесиптик- профилдик практикасынын конференциясы өткөрүлдү. Конференцияда практиканын максаты тааныштырылып, күндөлүктөгү өзгөртүүлөр боюнча маалымат берилди.
15.05.2023 күнү Эл аралык билим берүү программалар колледжинин котормо иши англис тили бөлүмүнүн окутуучулары Айткулова Жазгул, Тагайкул кызы Элмира, Бекмаматова Гулазык жана Имар кызы Гулдана Ноокат жергесине барып, абитуриенттерге багыт берүү максатында барып келишти. Жана ошондой эле Ноокат билим лицейи, Абу Райхон Беруний мектептеринде билим алып жаткан 9 база жана 11 база окуучуларына А. Мамыров, К. Жунусов тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзулдү . Электрондук тесттер берилип, мыкты жооп берген окуучуларга сертификаттар ыйгарылды.
Бугун 1.12.23. Котормо иши: англис тили бөлүмүнүн окутуучусу Акимжан кызы Мээрим ПДс9-8-23 группасына фонетика сабагынан "OCLUSIVES CONSONANTS [p,b]" ачык сабак өтүп берди. Мында бөлүм башчы Ахунжанова Ж.И. жана коллеж директору Рамашов К.А. сабакка катышып өздөрүнүн жакшы ойлорун айтышты. Сабакка жаш окутуучулар катышуп өздөрүнө тажрыйба чогултушту.Сабак өтө кызыктуу болду.
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университин Теология колледжинен 1 окутуучу жана 7 студент Эл аралык билим беруу колледжине тактап айтканда "Котормо иши:англис тили" бөлүмүнө өз ара тажрыйба, программа алмашуу, достук мамиле чындоо максатында келип кетишти. Программа алмашуу 2 жумага созулуп, соңунда келген коноктор колледж тарабынан сертификаттар менен сыйланышты.
12.05.2023 күнү Ахунжанова Ж.И.,Абытова Айдана,Нурбек кызы Асалкан, Алымкул кызы Зуура жана Бекмаматова Гулазык Ош облусунун Озгон районунун Куршаб айылынын Кызыл-Сенир айыл окмотунун #2 Полот Жолдошев атындагы орто мектебине, Абдулла Тангатаров атындагы орто мектепке, #14 интернат-гимназиясына , #2 Ы. Бектемиров атындагы орто мектепке, жана #7 Касымалы Рысбаев атындагы орто мектепке кесипке багыт берүү иш -чара өткөрүп бүтүрүүчү класстын окуучулары мн жолугушуу өткөрүп келишти. Окуучулардан тест алышып жогорку балл алгандарга сертификаттарды тапшырышты.
Котормо иши жана англий тили бөлүмүнүн окутуучулары Жыпара Чырмашовна, Рыскулова Нургул жана жаш окутуучу Ахмедова Муслима Ош шаарындагы Антон Семенович жана Макаренко мектертерге кесипке багытоо иштерин ийгиликтүү жүргүзүп келишти. Мында 11-класстын бүтүүчүлөрү жана 9-класстын бүтүрүчүлөрү катышышты.
1.коллежибиз жөнүндө маалымат берилди
2.чакан тесттерди алышты
Даярдалган тесттерден мыкты бал алган окуучуларга сертификаттар берилди.
17.03.23.Эл арылык билим берүү программалары колледжинин котормо иши англис тили бөлүмүнүн, 11- база 1 курс жана 9- база 2 курс студенттери 2 жума аралыгында (27.02.23/ 13.03.23) “Окуу таанышуу” практикасында болушту. Мында студенттер практикада ар кандай окуу борборлордо, Ош мэриясында, компанияларда жана университеттерде практика өтөп келишти. Ар бир практика жетекчи өздөрүнүн группаларын күн алыс текшерип турушту.
25.09.2023. Котормочулар күнүнө карата коллеждер аралык олимпиада уюштурулду. Мында атайын коноктор чакырылып, студенттердин билим денгээлин аныкташты . Жалпысынан 25 студент катышып 3 бөлүмдөн турган ( жат жазуу, текст которуу ошондой эле суйлоо речи ) боюнча билим денгээли текшерилди. Мында "Котормо иши жана англис тили" бөлүмүнүн студенттери алдынкы орундарды ээлешти. Олимпиада Котормо иши жана англис тили бөлүмүнүн окутуучулары Акимжан кызы Мээрим жана Эркебаева Жыпара Чырмашовна окутуучулар өткөрүштү.
Эл аралык билим берүү программалар колледжинин "Кортормо иши: англис тили" бөлүмүнүн окутуучусу Алмазбекова Элиза "Creative mind is healthy mind" аттуу семинар отуп берди.
Эл аралык билим берүү программалары колледжи жана Эл аралык мамамилелер факультетти менен биргеликте "Чыгыш-Батыш достук көпүрө"атту иш чара болуп өттү. Бул иш-чаранынын максатты студенттерге чыгыш жана батыш тилдерин үйрөнүүгө түрткү берүү жана чыгыш жана батыш өлкөлөрүнүн маданияты, каада-салты менен жакындан таанышууга шарт түзүү, аралык достук мамилелерди чындоо максатында уюштурулду.
15.05.2023.күнү Рыскулова Н, Эркебаева Ж,Темирбаева З жана Ахмедова Муслима Кара -Кулжа районунун Ш.Исмаилов Б.Эшманбетов жана Э.Осмонов атындагы гимназия -мектептерине барышып кесипке багыт берүү иш -чара өткөрүп бүтүрүүчү класстын окуучулары мн жолугушуу өткөрүп келишти. Окуучулардан тест алышып жогорку балл алгандарга сертификаттарды тапшырышты.
БатМУ нун Көп тармактуу колледжинин 3 окутуучусу, ОшМУ нун Эл аралык билим берүү колледждине тактап айтканда, Котормо иши: англис тили бөлүмүнө өз ара кызматташтыктын негизинде 3 күнгө тажрыйба алмашуу максатында келип кетишти. Кормо иши: англис тили бөлүмүнүн окутуучуларынын сабақтарына катышканча, студенттерге да сабак өтүп өз тажрыйбалары менен бөлүшө алышты. Тажрыйба алмашуунун жыйынтыгында окутуучулар Эл аралык билим берүү колледжи тарабынан сертификаттар менен сыйланышты.
Бугун Эл аралык билим беру программалары коллледжинин бутуп кеткен бутуруучулору менен колледждин 3-курсунун студенттери менен жолугушуу откорулду.
Эл аралык билим берүү программалар колледжинин “Котормо иши: англис тили “ бөлүмүнүн окутуучулары "Tesol" окуу борборунан “Best Practices for Teaching English Through Collaboration and Compassion” деген темада семинарга катышышты. 5 күн аралык оффлайн жана онлайн семинардын жыйынтыгы боюнча окутуучулар 72 сааттык окуудан өтөштү. Семинарды "Tesol" окуу борборунун трейнерлери: Жумабаева Анара, Тажибаева Анара,Жээнбекова Чынара, Исакова Миргүл жана Абдурахманова Хулкарай өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Семинар алкагында окутуучулар окутуудагы жаңы ыкмаларды үйрөнүштү.
Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовту эскерүү күнүнө (12.12.22) карата "Котормо иши: англис тили" бөлүмү тайпалар аралык мыкты дубал гезит иш чарасын уюштурду. Мындагы иш-чарага жалпы тайпалар активдүү катышты жана женүүчүлөр деп ПДС11-2-22 тайпасы табылып акчалай сыйлыктар берилди.
СЕМИНАР
Котормо иши англис тили бөлүмүнүн окутуучуларына 24.03.23 күнү "Ар бир окутуучудан бирден усулдук семинар" аттуу проекттин негизинде " НКББП боюнча маалымат"деген темада бөлүмдүн усулчусу Исанова Элмира Маматкадыровна семинар өттү. Семинардын жүрүшүндө негизги кесиптик билим берүү программасы кандай нормативдик документтерге таянып түзүлөорүн, окутуунун натыйжалары жана терминдер боюнча маалымат берди.Семинар жогорку деңгээлде өттү.
Бүгүн, 2023-жылдын 15-ноябрында Америка таануу жана котормо кафедрасынын башчысы, доцент Аипова Гүлзат Букаралиевна 2-курстардын студенттерине "Мекен таануу" предмети боюнча конок лекциясын өтүп берди.

Котормо-иши: Англис тили ПЦКсы студенттер үчүн атайын акысыз курс өтүүдө. Англис тили боюнча түзүлгөн акысыз куррстардын негизги максаты сабактан жетишке албаган айрым айылдык мектептерден келишкен окуучуларга жардам берүү. Акысыз курсту Рыскулова Нургул жана Муслим Аббасовна өтүүдө. Сабактарда ар түүрдү ыкмаларды, кызыктуу оюндарды, көнүгүүлөрду аткаруу менен студенттердин грамматикалык жактан туура суйлөөгө, окууга, жана жазууга үйрөтүү. Бул иш-чара Шаршемби күндөрүү саат 13:25 өтүлөт. Мында 20 студент билим алууда.
25.03.2023.Аккредитацияга карата жазылуучу оздук эсеп-кысап боюнча ББС бөлүмүнүн башчысы соц.и.к А.Б. Раимов Котормо иши англис тили пцкасынын жумушчу тобуна консультация берип кетти.

Олимпиада!!! Эл аралык билим берүү колледжинин "Котормо иши: англис тили " бөлүмүндө тайпалар аралык олимпиада болуп өттү. Мында "Intermediate "денгээлинде англис тилин мыкты билген студенттер катышты. Жалпысынан 20 студент катышып, жеңүүчүлөрдү сертификат менен сыйлашты. 1 орун- Атабек кызы Эльдиана 2 орун-Жолчубекова Ализе 3 орун- Куштарбек уулу Ынтымак
"Котормо-иши: англис тили" бөлүмү 5-6- янбварь айында болуп өткөн "Билим кербени" атуу семинарга катышты. Бул семинарды "Креатив" билим берүү комплексин негиздөөчүлөрү Акматов Кыялбек-педагогика илимдеринин доктору,доцент, Чолпон Тумонбаева-улуттук тренер, Бийик Рыскулов коуч- тренер жана Илгиз Шамырзаев өтүп берди. Эки күндүк семинар алкагында студенттерге сабакты кантип кызыктуу өтсө болот, ошондой эле бир нече ыкмада окуучуларды сабакка кызыктыруу жолдорун көрсөтуп кетишти. Семинар соңунда катышкан окутуучуларга “Мугалимдин устаттыгы жана окутуунун жаңы технологиялары” аталашындагы 72 саатык курсунан өтту деген Сертификат (Лицензия LS190003307) ошондой эле “Улуттук нарк жана студенттерге тарбия берүү процессиндеги усулдар” аталышындагы кыска мөөнөттүү курсунан өттү деген Сертификат (Лицензия №LE145000183) берилди. Семинар окутуучулардын купулуна толду жана "Креатив" билим берүү комплексине ыраазычылыгын билдиришти.
Ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борборунун түштүк филиалынын келишип COVID боюнча атайын окутуучударга семинар өткөзүлдү. Бул семинарга "Котормо иши" бөлүмүнүн жалпы окутуучулары катышты.
"Биз СПИДке каршыбыз" конференциясы бүгүн "котормо иши: англис тили" бөлүмүндө 30.12.22 болуп өттү. Мында жалпы эле котормо иши: англис тили бөлүмүндөгү жалпы тайпалар катышып, бул оорунун канчалык коркунучтуу экенин айтып доклад, реферат, жана спектакль көргөзүшүп берди. Бул конференцияны ЭАББП колледжибиз директору Рамашов Кумар Акматалиевич ачып берип, өзүнүн ой пикирлерин билдирди. Ошондой эле доклад окууган студенттерди грамота менен сыйлады. Колледжибиздин сүрөт тартууга шыгы бар студенттер "Биз СПИДке каршыбыз" деген ураанга дубалгазета чыгарышып, алардын ичинен эң мыкты дубал гезит чыгарган ПДс 9-4-22 тайпасына акчалай сыйлык берилди.
Ош Мамлекеттик Университетинин факультеттер, коллеждер, лицейлер аралык окутуу- профессорлор жана кызматкерлер ортосунда өткөрүлүүчү спартакиадасы болуп өттүү. Спартакиада биздин "Котормо иши" бөлүмүнөн 3 окутуучу катышты. 17 факультет жана коллеждер арасында биздин коллежд (КМОП) 4 орунду багындырды. 1.профессордук-окутуучулук курамдын ден соолугун чындоого, дене тарбияны жана спортту даназалоого ундөө; 2.профессордук-окутуучулук курамдын ортосундагы достук мамилелерди жана ынтымакты бекемдөө; 3.профессордук-окутуучулук курамдын арасынан ОшМУнун курама командаларына мыкты спорт ышкыбоздорун аныктап алуу. 4.Эн мыкты спорттук жамаатты аныктоо, сыйлоо
.
В Колледже международных образовательных программ ОшГУ состоялся прием студентов 1 курса. Это событие Ошской области Пришла Артыкова Йылдыз Абдисаламовна, проректор по работе со студенческим сообществом, и выразила желание остаться от себя и ректора. В ходе мероприятия талантливые студенты показали свой творческий потенциал и создали приятную атмосферу для студентов. В завершение мероприятия директор колледжа Рамашов Кумарбек Акматалиевич наградил хорошо обучающихся студентов грамотами.
ОшМУ нун Эл аралык билим берүү программалары колледжинин 9 студенти кыска мөөнөттүк мобильдүүлүк боюнча Жалалабад облусунун К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университинин Гуманитардык экономикалык колледжине жөнөп кетишти. Котормо иши: англис тили бөлүмөн 6 студент, ал эми Чыгыш тили ПЦКсынан 3 студент. Окуу мөөнөтү 10 күнгө: тактап айтканда 13- декабрдан,24-декабрга чейин созулат. Эл аралык университинин Гуманитардык экономикалык колледжи студенттерге бекер жатакана уюштуруп берди. Биздин студенттер даярдалган бөлмөлөргө жайгашып, сабактарга өз убагында катышууда.
Бугун 29.11.23 Котормо иши: англис тили бөлүмүнүн окутуучулары (Рыскулова Н. Имар к. Г жана Бакир к. М ) тарабынан даярдалган Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата концерттик программа болуп өттү. Мында ийримге катышкан студенттер өздөрүнүн таланттарын көргөзүп, Ч.Айтматовдун "Майсалбектин каты", "Кызыл алма", "Биринчи мугалим" "Жер эне" атту чыгармаларын англис тилинде аткарып беришти. Мындан башка концертти ыр, бий, кызыктуу оюндар коштоду.
Котормо иши жана англис тили бөлүмү аккредитациянын талабына ылайык "НКББП менен тааныштыруу жана талкулоо" максатында тегерек стол уюштурду.Тегерек столго котормо иши англис тили бөлүмүндө окутулган дисциплиналардын окутуучулары,бөлүм башчылар,ПЦК төрайымдары,ар бир бөлүмдүн усулчулары келип катышышты.Тегерек стол жогорку деңгээлде өттү.
2023-ж. 6- март күнү "Эл арылык билим берүү программалары колледжинин" котормо иши бөлүмүнүн окутуучулары Рыскулова Н. Асилбек к. А. Нурбек к.А. Кара Суу районуна караштуу №44 А. Сматов атындагы орто мектепке барышып. Кесипке багыт берүү боюнча мектептин бүтүрүүчү класстары менен жолугушуу уюштурушту.Алар колледж тууралуу маалыматтарды беришип, окуучулар менен суроо-жооп иретинде ангемелешүү өткөрүп келишти.Колледждин алдыдагы пландары жана англис тилинин азыркы учурдагы актуалдуулугу жөнүндө талкуулашып, семинардын соңун кызыктуу оюндар менен бүтүрүштү.
16.09.23. Котормо иши жана англий тили бөлүмүнүн окутуучусу Султанбаева Майрамкан Джаналиева жалпы коллеж окутуучуларына “ Жумушчу программаны туура түзүү ”- деген темада семинар өттү.
15.05.2023 Алай районун Гүлчө айылындагы мектептерге ЭАББП колледжинин котормо иши жана англис тили бөлүмүнүн окутуучулары профориентация иштерин жүргүзүп келишти. Алгачкы сапарлары С.Праманас атындагы орто мектепте болду, андан соң Т.Отунчиев атындагы мектеп-гимназиясына жана М.Адышев атындагы мектеп- гимназиясына кесипке багытоо иштерин ийгиликтүү жүргүзүп келишти.
Окутуучулары: Сатикеева З., Аматкулова С., Адиева Н., Аскарбек к Айпери Аскарбекова Сагынгүл.

Бүгүн 21.10.23. «Котормо иши : Англис тили» кафедрасынын окутуучусу Акимжан кызы Мээрим колледждин бардык мугалимдерине «Jeopardy game » темасында викторина өткөрдү.
27.10.23. "Котормо иши: английс тили" бөлүмүнүн окуучусу Айткулова Жазгул, ПДс9-1-22 группасы менен "Adjective ending -ed-ing" темасында ачык сабак өттү.
14.10. 23. «Котормо таануу: англис тили» кафедрасынын окутуучусу Акимжан кызы Мээрим жана Алымкул кызы Зуура «Сабак планын кантип туура жазуу керек?» деген темада семинар өткөрүштү. Мугалимдер кызыктуу сабакты түзүү керектүү тиркемелер жана сайттар менен бөлүшүштү.
<
Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары колледжинин «Котормо иши:англис тили » бөлүмүнүн студентти кесиптик компетенцияга калыптандыруунун ролун талкулоо боюнча стейкхолдерлер менен Тегерек стол болуп оттү. 29.03.2023-ж.
Мында «Котормо иши:англис тили » Окуу-таанышуу практикада калыптануучу компетенциялар жана күтүлүүчү натыйжалар менен тааныштыруу,базалык жана кесиптик-профилдик практикада күтүлүүчү натыйжаларына тематикалардын дал келүүсү боюнча маалымат берилди.
Жыйындын соңунда өнөктөштөргө, иш берүүчүлөргө, студенттердин өндүрүштүк практикаларын өтүүгө ынгайлуу шарттарды түзуп, алардын теориялык билимдерин ишке ашырууда чон салым кошуп жатканы үчүн терен ыраазычылык белдиришти.
ЭББПКдагы академиялык мобилдүүлүк
2023-2024-окуу жылында академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында биздин студенттер КЭУнун алдындагы Бишкек инновациялык колледжинде 3 жума окуп келишет.
Академиялык мобилдүүлүк боюнча окуп жаткан студенттеринин жалпы саны – 13.
Алардын ичинен:
«Котормо иши: англис тили» алистигинен - 5 студент
«Котормо иши: кытай тили» адистигинен - 3 студент
«Чет тили» адистигинен - 5 студент
Ошондой эле Бишкек инновациялык колледжинен 4 студент келип, “Котормо иши: англис тили” адистигинин ПДс 9-1-22 тайпасында окуп жатышат. Маданий программанын бир бөлүгү Бишкектеги улуттук тарыхый музейге баруу болду.
Кыргызстан Эл аралык Университетинин Инновациялык Колледжинен Эл аралык билим берүү программалар колледжине, анын ичинен"Котормо иши :англис тили" бөлүмүнө 4 студент жана аны менен бирге 2 окутуучусу билим алмашуу жана достук мамилени чындоо максатында келип кетишти. Билим алмашуунун жыйынтыгында стунденттер Эл аралык билим берүү колледжи тарабынан сертификаттар менен сыйланышты.