2025-жылдын 14-мартында коомдук дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучусу Коңурбай кызы Канымбү ИПКнын башталгыч класстарда окутуу адистигинин 2-курсунун студенттерине "Пунктуация. Кыргыз тилинин тыныш белгилери (чекит)" деген темада ачык сабак өттү. Сабакта санарип технология, жасалма акыл платформалары колдонулду. Тыным менен окуу, жуптарда иштөө ыкмалар пайдаланылган. Сабакка бөлүмдүн окутуучулары катышып, жакшы ой-пикирлерин билдиришти
Индустриалдык-педагогикалык колледжде акын Нуржамал Калмаматова менен студенттердин жолугушуусу өттү. Иш-чара 12-Декабрь -Улуттук адабият күнүнө карата жана колледжде негизделген “Бийиктик” ийриминин жыйынтыгы катары уюштурулган. Анда ийримдин студенттери акындын ырларынан көркөм окуп, акындык талант, поэзиянын керемет күчү жөнүндө маалымат алышты. Кеченин катышуучулары арасында ыр жазуу таймашы өткөрүлдү. Анда ыр саптарды улоо тапшырмасы берилип, мыкты жоопторду ала алдык. Нуржамал эжеке ыр жазуу боюнча мастер класс өтүп, жигердүү катышкандарга китептерин белекке берди. Аталган иш-чара жаш калемгерлерге шык-дем берип, чыгармачылыктагы жолунун ачылуусуна түрткү берди деген ишеничтебиз!