«МЫКТЫ АЙЫМ» МЕДАЛЫ МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ!

2026-11-23 15:17:24 26

Колледжибиздин окутуучулары Г. Борубекова жана Г. Мадалиева Республикалык согуш ардагерлер комитетинин Баткендеги Ош шаары, Ош жана Баткен облустары боюнча комитетинин чечими менен «Мыкты айым» медалына татыктуу болушту. Сыйлык комитеттин 2026-жылдын 1-ноябрындагы №45 протоколунун негизинде ыйгарылган. Бул сыйлык — эжекелерибиздин эмгегине жана коомдук ишмердүүлүгүнө берилген татыктуу баа. Кесиптештерибизди чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ар дайым сый-урматтын үстүндө болуп, ийгиликтериңиздер арта берсин!