Эл аралык билим берүү программалары колледжинин волейбол боюнча кыздар курама командасы 1-орунду алды

2026-11-12 04:31:58 26

Бишкек шаарында 2026-жылдын 2-9-ноябрь күндөрү "Жаштык" дирекциясы тарабынан өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын жалпы орто кесиптик билим берүү уюмдарынын спартакиадасында Эл аралык билим берүү программалары колледжинин волейбол боюнча кыздар курама командасы 1-орунду багындырып, диплом жана кубок менен сыйланышты. Студенттик командага жакындан жардам көрсөткөндүгү үчүн Ош мамлекеттик университетинин жетекчилигине жана ОшМУнун кесиптик бирлигине ыраазычылык билдиребиз. Студенттерди даярдаган жана машыктыруучу: Ботобекова Айнура Жоробаевна Студенттерибиздин окууларына жана спорттук жеңиштерине ийгиликтерди каалайбыз!