2026-11-10 08:57:20 8
ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары коллежинин окутуучулары англис тилин үйрөнүүгө арналган атайын окуу китептерин иштеп чыгышты. Басылмаларда тил үйрөтүү менен катар кыргыз элинин улуттук баалуулуктары жана коомдук турмушу чагылдырылган. Окуу китептери коллеждин билим берүү чөйрөсүнүн өзгөчөлүктөрүн, студенттердин даярдык деңгээлин жана практикалык муктаждыктарын эске алуу менен түзүлгөн. Анда англис тилин күнүмдүк турмушта колдонууга багытталган материалдарга басым жасалган. Авторлордун мындай ыкмасы студенттерге англис тилин үйрөнүү менен бирге улуттук мурасты тереңирээк таанып, аны эл аралык деңгээлде таанытууга шарт түзөт. Алдыда окуу китептерин жаңы тексттер, актуалдуу темалар жана практикалык тапшырмалар менен толуктап, мазмунун үзгүлтүксүз жаңыртып туруу пландалууда. Демилге коллежде автордук окуу басылмаларын өнүктүрүүгө, англис тилин окутуунун сапатын жогорулатууга багытталган.