2026-05-30 13:08:46 29
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Адабият институту тарабынан уюштурулган “Уңгү жол – классикалык жана заманбап адабияттын руханий өзөгү” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Аталган илимий жыйынга өлкөнүн жана чет мамлекеттердин окумуштуулары, окутуучулары, изилдөөчүлөрү катышып, адабияттын руханий баалуулуктарды сактоодогу орду жана заманбап адабий процесстер боюнча баяндамалар жасалды. Конференцияга Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары колледжинин окутуучусу Борубекова Гулназ Калматовна катышып, "Санарип доорунда адабият жана руханий жаңылануу" деген аталыштагы илимий макаласы менен баяндама жасап, сертификат менен сыйланды. Иш-чаранын жүрүшүндө пленардык жана секциялык жыйындар өткөрүлүп, катышуучулар өз ара тажрыйба алмашып, илимий кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикирлерин билдиришти.