НООРУЗ МАЙРАМЫ 2026

2026-05-29 07:04:19 8

2026-жылдын 28-март күнү Эл аралык билим берүү программалары колледжинде Нооруз майрамы белгиленди. Майрамдын алкагында кыргыз элинин улуттук оюндары жана улуттар аралык тамак-аш жарманкеси менен башталып, андан соң концерттик программа менен коштолду. Улуттук оюндарга студенттер катышып, өз күчтөрүн сынашты. Улуттук оюндардын жүрүшүндө студенттер кол күрөш жана аркан тартыш боюнча мелдештерге катышып, мелдеш атаандаштык жана достук маанайда өттү. Улуттар аралык тамак-аш жарманкесинде түрдүү элдин тамак-аштары коюлуп, конокторго тартууланды. Аталган иш-чара студенттердин патриоттук сезимин ойготууга, улуттук каада-салттарды даңазалоого жана маданий мурастарды сактоого багытталды.