2026-05-26 07:10:58 8
2026-жылдын 14-май күнү Эл аралык билим берүү программалары колледжинде “Укук жана кыз тагдыры” аттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара колледждин Аялдар кеңешинин төрайымы Г. Борубекова жана Коомдук илимдер жана АЧД циклынын окутуучулары М. Т. Абдибаитов менен Б. Ш. Жоробаевдердин демилгеси менен уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты — кыздардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, алардын коомдогу орду жана коопсуздугу тууралуу пайдалуу маалымат берүү болду. Жолугушууга конок катары Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү, милициянын майору Касымова Айниса Хасанбаевна жана Ош ШИИБдин ГОМ-3 бөлүмүнүн жардамчылары Талайкулова Элиза Талайкуловна, Айдаралиева Айназик Амангелдиевна катышып, студенттерге укуктук багытта маанилүү маалыматтарды беришти. Иш-чара мазмундуу өтүп, катышуучулар өздөрүнүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты.