2026-05-26 05:53:40 16
— УЛУУ ЖЕҢИШ КҮНҮ 2026-жылдын 30-апрелинде Ош МУнун Эл аралык билим берүү программалары колледжинде Аялдар кеңешинин төрайымы Г. Борубекова жана коомдук дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучулары М. Айтиева, Г. Мадалиева, Коомдук жана АЧД Циклинын окутуучулары полковник Абдибаитов М. жана майор Жоробаев Б. тарабынан 9-МАЙ — УЛУУ ЖЕҢИШ КҮНҮНӨ карата “Бир жеңиш — бир сүрөт” аттуу сүрөт тартуу конкурсу жогорку деңгээлде уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө М. Айтиева Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жасалма интеллекттин жардамы аркылуу QR-код менен сунуштап, студенттердин санариптик сабаттуулугун жана заманбап технологияларды колдонуу жөндөмүн текшерди. Конкурстун жыйынтыгында: 1-орунду МЛС-9-2-24 тайпасы, 2-орунду АЯС 9-2-23 тайпасы, 3-орунду ПДС 9-1-25 тайпасы ээледи. Байгелүү орундарды ээлеген катышуучуларга эки адамдык кинотеатрга билеттер белекке берилди. Ошондой эле санариптик билим боюнча өзгөчөлөнгөн студенттерге Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында коюлган “Азыр деле сулуусуңбу, жашсыңбы?” аттуу спектаклге билеттер тапшырылды. Мындан тышкары, калган тайпалар да активдүү катышкандыгы үчүн баалуу белектер менен сыйланышты.