ЭАББП колледжинин окутуучулары Кара-Суу районунда профориентация жүргүзүштү.

2026-04-23 09:47:11 19

ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары колледжинин (ЭАББП) окутуучулары Кара-Суу районунун мектептерине атайын профориентациялык иш сапары менен барып келишти. Бул иш-чаранын негизги максаты — бүтүрүүчүлөргө туура кесип тандоого багыт берүү болду. Окутуучулар тобу — Акимжан кызы Мээрим, Саткеева Зейнеп, Осмонова Элиза жана Искандар уулу Жоодар — төмөнкү мектептерде жолугушууларды өткөрүштү: С. Бахапова атындагы №100 орто мектеби; В.И. Ленин атындагы №66 орто мектеби; Манас атындагы №112 орто мектеби. Жолугушуунун алкагында окуучуларга колледждин адистиктери жана эл аралык программалар тууралуу кеңири маалымат берилди. Профориентациялык иш-чара ийгиликтүү өтүп, окуучулар ЭАББП колледжине чоң кызыгууларын билдиришти.