2025-12-12 09:16:50 46
Ош мамлекеттик университети менен Алишер Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинин ортосундагы кызматташтык боюнча келишимдин негизинде, билим берүү жана илим жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле өнөктөштүк мамилелерди бекемдөө, тажрыйба алмашуу максатында, ЭББП колледжинин “Коомдук дисциплиналар” бөлүмүнүн окутуучусу, ф.и.к., доцент Исакова Таалайкан Жумабаевна бугун 12-декабрда академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинде “Оозеки кепти өстүрүүдө Ч. Айтматовдун чыгармаларын колдонуу ыкмалары” деген темада конок лекция окуду