Эл аралык билим берүү программалары колледжинде 1-2-ноябрь күндөрү "10-ноябрь бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү", "17-ноябрь студенттер күнүнө" карата студент балдар жана кыздар арасында спорттук турнир болуп өттү.

2024-11-16 05:22:29 14

Эл аралык билим берүү программалары колледжинде 1-2-ноябрь күндөрү "10-ноябрь бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү", "17-ноябрь студенттер күнүнө" карата студент балдар жана кыздар арасында спорттук турнир болуп өттү. Катышуучулар өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн чегине чейин көрсөтүштү. Күч-аракети, өжөрлүгү жана жеңишке болгон ышкысы аларды бийиктикке алып келген жеңүүчүлөр төмөндөгүлөр; Волейбол (жигиттер): 1-орун - ПДК 9-3-23, 2-орун - ПДС 9-2-22, 3-орун - ПДС 9-3-22 Футбол: 1-орун - ПДС 9-10-22, 2-орун - ПДС 9-2-22, 3-орун - ПДА 9-1-22 Волейбол (кыздар): 1-орун – 3-курс, 2-орун -1 курс 3орун – 2-курс Жеке сыйлыктар: Диана Токтомушова - мыкты оюнчу, Бекмурзаев Байжигит - мыкты оюнчу, Тагайбек уулу Олжобай - мыкты дарбазачы, Максуталиев Кыял - мыкты оюнчу. Жеңүүчүлөрдү жана катышуучуларды куттуктайбыз! Бул турнир күч, биримдик жана жеңишке болгон эрк жөн эле сөз эмес экенин көрсөттүштү Бардык командалар ага жанын жана күчүн жумшап, көрүүчүлөр унутулгус эмоцияларды алышты!