Адаптациялык-педагогикалык практиканын мазмуну:
Убактысы |
Аткарылчу иштердин мазмуну |
Ким аткарат |
1-күн |
-Багыт берүүчү конференцияны өткөрүү жана педагогикалык адаптациялык практиканын мазмуну, милдеттери менен тааныштыруу. -Мектептерге алып баруу; мектеп админстрациясы менен пикир алмашуу; алардын функционалдык милдеттери менен таанышуу. -Класстарга бөлүштүрүү. |
Факультеттин практика башчысы, деканат, кафедра башчысы Методисттер. |
2-күн |
-Бөлүнгөн класстын документациясын окуп үйрөнүү: окуучулардын өздүк делолору, класстык журналы, күндөлүк ж.б. -Окуучулардын социалдык абалына, жетишүүсүнө, тартибине анализ жасоо; -Социалдык педагогдун ишинин мазмунун окуп үйрөнүү. |
Методист, класс жетекчиси, Педагогика жана психология каф-нын методисттери, студент-практикант |
3-күн |
-Класс жетекчисинин иш пландарын окуп үйрөнүү, тарбиялык, жылдык пландардын түзүлүшүнө анализ жасоо; -Класс жетекчисинин милдеттерин билүү; -Окуучуга педагогикалык-психологиялык мүнөздөмө жазууну үйрөтүү; |
Методист, класс жетекчиси. -педагог, -психолог. |
4-күн |
-Класстагы окулуучу предметтик сабактарга катышуу; -Окуучулардын сабакка болгон мамилелерине педагогикалык-психологиялык анализ жасоо; |
Студент-практикант Методист, студент-практкиант |
5-күн |
-Класстагы тарбиялык сааттардын өтүлүшүнө катышуу жана аны өтүүнүн методикасы менен таанышуу; -Бир тарбиялык сааттын план-конспектисин даярдоо жана расписание боюнча өтүү; |
Методист, класс жетекчиси. Студент-практикант -педагог. |
6-күн |
-Мектептеги өтүлүүчү коомдук иштерге катышуу, жардам берүү. Окуучулардын өзүн-өзү башкаруу органдарынын иштеринин мазмунун окуп үйрөнүү; - |
Студент-практикант -педагог. |
7-күн |
-Мектептеги усулдук бирикмелердин иштеринин мазмунун окуп үйрөнүү; -Инновациялык технологиялардын колдонулушундагы анализ; |
Методист |
8-күн |
-Класс жетекчисинин ата-энелер менен иш алып баруусунун өзгөчөлүктөрүн жана методикасын окуп үйрөнүү; -Ата-энелер комитеттеринин иш планы, жасаган иштери менен таанышуу; |
Класс жетекчиси, методист. Студент-практикант |
9-күн |
- Мектептеги өзүнүн адистиги боюнча өтүлүүчү сабактарга катышуу, анын өзгөчөлүктөрүн окуп үйрөнүү; -Предметтик мугалимдер менен аңгемелешүү, өзүнүн тандап алган адистигине баа берүү; |
Методист Студент-практикант |
10-күн |
Мектептеги, класстагы тартиби начар, милицияда учетто турган окуучу балдар менен иштөөнүн методикасын окуп үйрөнүү; -Рекетчилик ж.б. терс көрүнүштөр боюнча кандайча иш чаралар жүргүзүлүүдө, аларга анализ берүү; |
Класс жетекчи, соцпедагог, -педагог. -психолог. |
11-күн |
-Мектепте жана мектептен сырткары өтүлүүчү маданий-спорттук иштердин жүрүшүнө анализ; -Окуучулардын андай иш-чараларга болгон мамилелерине байкоо жүргүзүү; -Планда көрсөтүлгөн иш чаралардын аткарылышына анализ; |
Мектептин тарбия иштери боюнча жооптуу кызматкери. |
12-күн |
-Адаптациялык практиканын жүрүшүнө отчет жазуу. |
Методист Студент-практикант |
Кесиптик-базалык практиканын мазмуну:
1. Окуп үйрөтүү, өздөштүрүү:
- мамлекет тарабынан иштелип чыккан нормативдик-укуктук жана мугалимдер түзгөн (“Билим берүү жөнүндө”, “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамдар, окуу пландары жана программалары, календардык, тематикалык жана предметтик мугалимдин сабактарынын пландары) документтерди;
- класстагы окуу жана тарбиялык иштерди уюштуруунун, ишке ашыруунун методикасын;
- мектептеги коомдук уюмдардын, кружоктордун, предметтик кабинеттердин иштеринин мазмуну, методдорун;
- окуу, тарбиялык жана сабактан сырткаркы иштерди, предметтик кечелерди өткөрүүнү;
- класс коллективин жана жеке окуучуну окуп үйрөнүүгө керек болгон билим, ыктарды, методиканы;
- класс жетекчисинин ишинин системасын;
- инновациялык технологиялардын, интерактивдүү методдордун, алдыңкы педагогиканын тажрыйбаларынын маңыз-мазмунун окуп үйрөтүү жана аларды БППте колдонууну;
2. Катышуу:
- предметтик мугалимдин өткөрө турган сабактарына дидактикалык материалдарды даярдоого;
- түрдүү типтеги сабактардын пландарын түзүүгө;
- сабак жана тарбиялык иштердин календардык-тематикалык пландарын түзүүгө;
- КТПда көрсөтүлгөн сабактардын түрдүү типтерин өткөрүүгө;
- Окуу предмети боюнча сабактан тышкаркы таанып билүүчүлүк иштерди өткөрүүгө;
- Класстык сааттарды даярдоого жана өткөрүүгө;
- Окуучуларга окуу материалдарын өздөштүрүүгө жардам берүүгө;
Педагогикалык практикага учурунда студент бөлүнгөн класстагы расписание боюнча сабактарды жана класстык сааттарды өтөт.
3. Ишке ашырат:
- сабакка жалпы-дидактикалык, психологиялык анализ берүүнү;
- окуучунун же класстын психолого - педагогикалык мүнөздөмөсүн түзүүнү;
- кесиптик өзүн-өзү тарбиялоонун жана өнүктүрүүнүн программасын реализациялоону;
- педагогика, психология, методикадан илимий рефераттарды, докладдарды, курстук иштерди аткаруу үчүн илимий-изилдөөчүлүк иштерди;
4. Педагогика, психология, методика боюнча илимий-изилдөөчүлүк иштерди, рефераттарды, докладдарды аткарат.
Кесиптик-профилдик (педагогикалык) практиканын мазмуну
1. Иштерди алып баруу:
- окуу пландарын (окуу планы, окуу программасы, предметтик мугалимдин календардык, тематикалык жана сабактын планы) түзүү боюнча;
- сабактын план-конспектисин, класстык сааттын жана ата-энелер чогулушунун пландарын түзүү;
- предмети боюнча окуу кабинетинде (окутуунун техникалык каражаттары, таблицалар, көргөзмө куралдар, таркатуучу дидактикалык материалдар, интерактивдүү доскалар ж.б.) иш жүргүзүү;
- педагогикалык процессти түрдүү формаларда ( сабак, семинар, лабораториялык, практикалык сабактар, тегерек стол, экскурсия, факультативдик, кружоктор ж.б.) жүргүзүү;
- предмет боюнча класстан сырткаркы иштерди алып баруу;
- окуучулардын жекелик жана жаш курактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу;
- класс жетекчисинин тарбиялык иштерин жүргүзүү;
- бүтүндөй педагогикалык процессинде билим берүүнүн заманбап технологияларын колдонуу;
2. Катышуу
- предметтик мугалимдин өткөрө турган сабактарына дидактикалык материалдарды даярдоого;
- түрдүү типтеги сабактардын пландарын түзүүгө;
- сабак жана тарбиялык иштердин календардык-тематикалык пландарын түзүүгө;
- КТПда көрсөтүлгөн сабактардын түрдүү типтерин өткөрүүгө;
- Окуу предмети боюнча сабактан тышкаркы таанып билүүчүлүк иштерди өткөрүүгө;
- Класстык сааттарды даярдоого жана өткөрүүгө;
- Окуучуларга окуу материалдарын өздөштүрүүгө жардам берүүгө;
3. Ишке ашыруу
- активдүү практикалык иш-аракеттерди (сабактар, класстык сааттар, тарбиялык иш-чаралар ж.б.).
- жалпы класска жана жеке окуучуга педагогикалык-психологиялык мүнөздөмөлөрдү жазууну.
- кесиптик өзүн-өзү тарбиялоонун жана өнүктүрүүнүн программасын реализацияноону.
- сабакка жана башка иш-чараларга анализ жүргүзүүнү;
- окуучулардын жетишүүсү, катышуусу жана мониторинг боюнча отчетторду түзүүнү.
-мектеп документациясы (журналдар, өздүк делолор, күндөлүктөр ж.б.) менен иштөөнү.