Фотогалерея


Педагогикалык практика башталгыч класстын чет тили мугалими адистигин даярдоо процессинде негизги орунду ээлейт. Компетенттүү адистерди даярдап чыгуу бүгүнкү күндө коом тарабынан орто кесиптик окуу жайларынын алдына коюлган негизги талаптардын бири болуп эсептелет.
Педагогикалык практиканын методикалык кабинети 3-кабат, 303 каана




Кесиптик-профилдик практикада № 22 С. Шарипов атындагы орто мектебинде
А.С.Пушкин № 21 мектепте,АЯС9-5-20


ЭАББПКнын чет тили болумундо кесиптик - базалык педпрактиканын жыйынтыктоочу конференциясы жогорку денгээлде уюштурулду .





Конференцияда практика убагында жарыяланган "Студенттин мыкты сабагы ", "Усулчунун улгулуу сабактын план иштелмеси "аттуу конкурстар жыйынтыкталып грамоталар тапшырылды.




Конференцияга иш беруучулор, ата энелер жана бутуруучулор чакырылып,практиканы мындан ары дагы жакшыртуу боюнча оз ойлорун ,сунуштарын айтышты.







Чет тили болумундо кесиптик профилдик практиканын жыйынтыктоочу конференциясы ийгиликтуу болуп отту
11.05.2022 Чет тили болумунун практика жетекчиси Жумабаева.А.Т ОшМУ нун пед.практика болумунун башчысы доц.А.Батыралиев тарабынан уюштурулган "КР нын МББС гы практиканын мазмуну жана окуу жуктомдору " аттуу тегерек столго катышып келди.


2020-2021 окуу жылында ЭАББПКнын чет тили бөлүмүнүн студенттери педагогикалык практикасын онлайн форматта ийгиликтүү өтөштү



https://youtu.be/Fqh38H17sjQ







“Практиканттын мыкты онлайн сабагы”

Болочок мугалимдерди онлайн сабактарды өтүүгө стимулдаштыруу жана алардын чыгармачыл ишмердигин өнүктүрүү максатында педагогикалык практика бөлүмүнүн жетекчиси А.Батыралиев тарабынан ​​​2020-жылдын октябрь айында ОшМУнун бүтүрүүчү курсунун студенттеринин арасында “Практиканттын мыкты онлайн сабагы” конкурсу демилгеленип, методисттердин жана мектеп мугалимдеринин катышуусу менен конкурстун жобосу иштелип чыккан. Жобо университеттин сайтына коюлуп, конкурска катышуу үчүн студенттерге жарыя берилген. ​​​Демилгени ректор К.Г.Кожобеков колдоп:
​​​1-орунга 15 миң сом жана 1-даражадагы диплом;
​​​​​​​​2-орунга 10 миң сом жана 2-даражадагы диплом; ​​​​​​​​
3-орунга 5 миң сом жана 3-даражадагы диплом. ​​​​​​​​Ал эми калган ар бир катышуучуга 1000 сомдон кызыктыруучу акчалай сыйлыктар каралган. Конкурс үч этаптан жүргүзүлдү:​​​​​ биринчи турда, факультетте мыкты сабактар тандалып, методкеңештин чечими менен youtube жүктөлүп, сабактардын шилтемеси комиссияга жөнөтүлдү. Жыйынтыгында тандалган 15 студенттин иши конкурстук комиссияга келип туштү.
Конкурстун жыйынтыгын чыгаруу үчүн сабактарды обьективдүү жана компетенттүү баалоо максатында ректораттын сунушу менен мектеп мугалимдери чакыртылды. Комиссия курамы:
1. Мамырова Айнура – индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучусу, “Керме-Тоо” мектеп-гимназиясынын мугалими, төрайым;
2. Тухтапулатова Айчүрөк – Ош ш., №18 А.Навои мектеп-гимназиясынын чет тили мугалими;
3. Таир кызы Нүргүл – Ош ш., “Сапат” мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
4. Карабалаева Гуляим – ОшМУнун “Билим” лицейинин математика мугалими;
5. Жапар кызы Бактыгүл – ОшМУнун медициналык колледжинин окутуучусу, Ош шаарында уюшулган “Жаш мугалим - 2019” конкурсунун жеңүүчүсү.
20-декабрдан 25-декабрга чейин комиссия мүчөлөрү сабактарды карап чыгышып төмөнкүдөй жыйынтыкка келишти жана жеңүүчүлөрдүн онлайн сабактарын көрүүнү сунуштайбыз:
1. I орун табият таануу жана география факультетинин география адистигинин студенти Сапарбай кызы Эленура, https://youtu.be/ceDA5fIzzTU;
2. II орун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенти Мамадиярова Мээрим, https://www.youtube.com/watch?v=WsyFSlq10GY;
3. III орун эл аралык билим берүү программалары колледжинин студенти Болотбекова Мээрим, https://www.youtube.com/watch?v=LPuSJaPLG4k&feature=youtu.be.
Ал эми калган катышуучуларга 1000 сомдон кызыктыруулучу акчалай сыйлыктар ыйгарылат.








Онлайн жыйынтыктоочу конференциясында

















Электронный отчет онлайн практика