Иорданиядан келген делегаттар менен эки тараптуу кызматташуу жөнундө талкуу болуп өтту

2023-12-26 03:43:31 58

Ош мамлекеттик университетинин эл аралык билим берүү программалары колледжине, Иордания королдугуна караштуу Рании Академиясынын директору доктор Осама Обейдат жана мисс Ханна, ошондой эле NİCE KYRGYZ компаниясынын директору Махмуд Абдул Карим келишти. Алгач университеттин жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду. Андан соң биздин колледжге келип,эки тараптуу кызматташуу жөнүндө кеңири талкуу болду. Ошондой эле араб тилинде окуп жаткан студенттер менен да баарлашуу болду. Буюрса келечекте араб тилин өнуктүрүү үчүн,өздөрүнүн ар тараптуу салымын кошо турган болушту.