2021-2022 жылдын окуу планына ылайык ЭАББПКнин "Котормо иши " жана " Кытай тили " пцкасынын 9 база, 3-курстун студенттеринин кесиптик-профилдик практикасынын багытоочу конференциясы өткөрүлдү.
Мугалимдер кесиптик профилдик практикага чыккан студенттерди текшерип, кабар алып келишти.
Эл аралык билим берүү программалары колледжинин "Котормо иши (англис тили жана чыгыш тилдери) жана "Кытай тили " бөлүмүндөгү 2-курстун студенттерин (11 база )2023-жылдын 27-февралынан 11-мартына окуу - таанышуу практикасында
____________________________________________________________________________________________________________
2025ж. 24- апрель күнү ЭББП колледжинин "Котормо иши"бөлүмүндө " Өндүрүштө иштеген практиктерди айкалыштыруу аркылуу ишке тартуу" деген темада тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго Практика жана карьера борборунан Батыралиев А.жана Азирет Мими.катышышты .Андан сырткары тышкы стейкхолдерлер жана бөлүмдүн окутуучулары катышышты.Тегерек столдун модератору ЭББП колледжинин практика башчысы Ахунжанова Жылдыз Икрамжановна болду.Алгачкы эле сөздү ЭББП колледжинин директору Рамашов Кумарбек Акматалиевич сүйлөдү. Ал өз сөзүндө мамлекеттин талабы боюнча заманыбыздын зарылчылыктарын эске алуу менен практиктерди өндүрүштон тартуу керектигин баса белгиледи. Тегерек столдо Котормочу адистигини окутууда кайсы дисциплиналар актуалдуу экендигин келген коноктор да айтып өтүштү.тегерек столго ар бир адистиктин иш берүүчүлөру келип активдүү катышышты жана өз идеяларын сунуштап кетишти . Жыйынтыгында бир нече токтом кабыл алынды.
1.Жумуш берүүчүлөр менен тыгыз кызматташтыкты камсыз кылуу максатында
“Атайын котормо”, “Стандарттуу тестирлөөгө даярдоо” жана “Оозеки сүйлөө
кеби” дисциплиналары айкалыштырылган формада окутулсун жана жаңы окуу
жылынан тартып бул дисциплиналар «SHO» жана «Education for All» окуу
борборлору менен өз ара келишимдин негизинде уюштурулуп, ошол
борборлордун адистерине сабактарды өткөрүү жоопкерчилиги жүктөлсүн.
2. Жумуш берүүчүлөрдүн сунуш-пикирлерине негизденип, жаңы окуу планына
“чет тилин окутуунун методикасы” дисциплинасын кошуу сунушталсын.
3. “Атайын котормо”, “Стандарттуу тестирлөөгө даярдоо” жана “Оозеки сүйлөө
кеби” дисциплиналарын өзүнчө жеке каталогдордо жайгаштырып, ар бир
дисциплинаны өз алдынча тандоо мүмкүнчүлүгү менен бөлүп берүү
сунушталсын.деген токтомдор кабыл алынды
______________________________________________________________________________________________________________
2025 жылдын 20-майы "Котормо иши адистигинин" кесиптик- профилдик практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү.Конференцияда студенттер тарабынан даярдалган видео- роликтер,презентациялар көрсөтүлдү.Эн негизгиси ар бир тилдин өкүлдөрү (араб,корей,англис,Кытай) тилинде эркин сүйлөп жатышты.Бул да болсо ЭББП колледжинин абройго татыктуу экенин билдирет.Конференцияны ЭББП колледжинин практика башчысы Ахунжанова Жылдыз Икрамжановна алып барды.Айта кетчү нерсе усулчу мугалимдер дагы студенттердин деңгээли жогору болуп баратканын жана өндүрүштөгү практика жетекчилеринин да ыраазы болушканын айтышты жана айрым студенттерибиз практика өтөгөн өндүрүштөрдо ишке кабыл алынгандардын да баса белгилеп кетишти.