2026-05-29 06:33:53 12
Эл аралык билим берүү программалары колледжинде студенттердин кыргыз тилине болгон кызыгуусун арттыруу жана мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү максатында уюштурулган кыргыз тили олимпиадасы салтанаттуу жыйынтыкталды. Катышуучулар үч баскычтан өтүп: тесттик тапшырмаларды аткарышты, терең маанилүү баяндамаларды жазышты жана окуп түшүнүү боюнча тилдик чеберчиликтерин далилдешти. Сынактын жыйынтыгында өзгөчө билим деңгээлин көрсөткөн студенттерибиз Эл аралык билим берүү программалары колледжинин директору К.А. Рамашов тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Жеңүүчүлөрдү чын дилибизден куттуктайбыз! Бул ийгилик — сиздердин талыкпас эмгегиңиздердин жана эне тилибизге болгон зор сый-урматыңыздардын натыйжасы. Билим жолуңуздар байсалдуу болсун!