2025-10-14 15:41:56 316
Семинар: «Окутуучулар үчүн окутуунун заманбап куралдары» Күнү: 2025-жылдын 11-октябры Жайы: 205-аудитория 2025-жылдын 11-октябрында Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары колледжинин «Котормо иши» бөлүмүндө «Окутуучулар үчүн окутуунун заманбап куралдары» аттуу семинар болуп өттү. Семинардын максаты — окутуучуларга сабакты натыйжалуу жана кызыктуу өткөрүүгө жардам берген жаңы ыкмалар менен санариптик куралдарды тааныштыруу болду. Семинардын программасы: Аскарбекова Сагынгул сабак иштелмени (Lesson Plan) кантип туура түзүү керектиги тууралуу баяндама жасады. Акимжан кызы Мээрим Quizizz программасын көрсөтүп, сөздүк тесттерди (Lexical Minimum) түзүүнүн жолдорун түшүндүрдү жана IELTS боюнча пайдалуу кеңештерди берди. Ахмедова Муслима сабакта колдонууга боло турган ар түрдүү Visual Aids материалдарын көрсөтүп берди. Семинардын соңунда катышуучуларга белек катары Lesson Plan шаблондоруна жана пайдалуу ресурстарга алып баруучу QR-коддор тапшырылды.