2025-06-09 14:09:14 359
2025-жылдын 9-июнунда Эл аралык билим берүү программалары колледжинде салтанаттуу бүтүрүү кечеси болуп өттү. Иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич, Орто кесиптик билим берүү департаментинин директору Мамажакып уулу Чынгыз, жана Эл аралык билим берүү программалары колледжинин директору Рамашов Кумарбек Акматалиевич катышты. Бүтүрүү аземи кубанычтуу эмоциялар менен коштолуп, студенттердин ийгиликтери, билимге болгон умтулуусу жогору бааланды. Иш-чаранын соңунда: Ата-энелерге ыраазычылык каттар жана жогорку окуу жетишкендиктери менен айырмаланган студенттерге грамоталар тапшырылды. Бул күн ар бир бүтүрүүчү үчүн унутулгус күн болду. Аларга ийгиликтерди, жарык келечек жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү каалайбыз! Ак жол сага, бүтүрүүчү!