Биздин профессордук-окутуучулук курам Наманган шаарында

2025-05-12 09:42:33 22

Ош мамлекеттик университети менен Исхокхон Ибрат атындагы Наманган мамлекеттик чет тилдер институтунун ортосундагы кызматташуу келишиминин негизинде билим берүү жана илим тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле өнөктөштүктү бекемдөө максатында 2025-жылдын 8-майында Наманган мамлекеттик чет тилдер институту тарабынан «Innovative Teaching Strategies and Reflecive Practice» атылышта уюштурулган мастер класс, тренингге Эл аралык билим берүү программалар колледжинин 40 профессордук-окутуучулук курамы катышып, тажрыйба алмашып сертифкаттарга ээ болушту. Жолугушуу жогорку денгээлде өттү. Анда ЭББПКнын директору Рамашов К.А. жетектеген окутуучулук курам окуу жайдын окуу процесси, жана алдыда академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында ар кандай форматта семинар тернинг, конок лекциялар уюштуруу, иш чараларды өткөрүү боюнча сүйлошүүлөр болду.