2025-02-26 11:30:09 36
ОшМУнун эл аралык билим берүү программалары колледжинин студенти Калыева Сумая Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад шаарында өткөн Орто Азия чемпионатында Кикбоксинг боюнча 54 кг салмакта 1-орунду ээледи. Атаандашын биринчи раундда эле нагдаунтка кетирген. ЭББПКнын директору К.А. Рамашов бүгүн 25-февралда сыймыктуу студентибиз менен жолугушту. Анда студентибизди куттуктап, окууларына жана машыгууларына ийгиликтерди каалады. Студентибиздин окууларына ийгиликтерди каалайбыз!