Эл аралык эне тил күнү белгиленди

2023-02-22 17:53:29 139

Ар бир тил өзүнө ыйык, өзүнчө керемет. Дүйнөдө канча тил босо, ошол тилде сүйлөгөн улуттун баары өз эне тилинин түбөлүктүүлүгүн көздүн карегиндей сактоого, урпактарга улуу мурас кылып берүүгө аракеттерин жасап келет. Кыргыз эли да улуу эл катары өз эне тилинин түбөлүктүүлүгү үчүн бир топ тарыхий оор кырдаалды башынан өткөргөн. Мындай тарыхий мурас бүгүнкү күнү да учугун үзбөй уланып, жаштардын дилине эне тилдин ыйыктыгын сиңирип, аны жүрөктүн деми менен бирге соккудай кылып жашоо үчүн мекенчил жаштардын колдоосу менен салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп келет. "Эне тил - улут сыймыгы".